Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.08.2019 10:45

Ак-Суудагы эң чоң маданий-спорт комплексин жакшыртуунун жолун табышты

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы маданий-спорт комплексин жакшыртуу маселеси каралууда. Бул тууралуу Теплоключенка айыл аймагынын башчысы Т.Көбөгөнов билдирди.

Анын айтымында, спорт комплекске жылына жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом каралат. Ал каражат 10 адамдын маянасына, спортчулардын чыгымдарына, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштурууга жумшалат.

«Ишти алдыга жылдыруу үчүн спорт комплексин 5 жылга каалоочуларга ижарага берели деп жатабыз. Айына 10 миң сомдон төлөнөт. Түшкөн каражатка имаратты, спорт бөлүмдөрүн жакшыртабыз», - дейт Т.Көбөгөнов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×