Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.08.2019 09:27

Ак-Сууда аксакалдар сотунун иши талкууланды

Turmush -  Ак-Суу районунда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен облустук жана райондук соттун судьялары жолукту. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Аширбаева билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда ушул жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген мыйзамдар анын ичинде бузуулар жөнүндөгү кодекстер, пробация жөнүндөгү мыйзам талкууланды.

«Жолугушууда аксакалдар сотунун өкүлдөрү маектешип, алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу усулдук жардам көргөзүү маселеси каралды», - дейт Г.Аширбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×