Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 16.08.2019 12:41

Ак-Сууда Б.Мамытов атындагы мектеп 3 млн сомго оңдолуп жатат

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Булак айылындагы Бегалы Мамытов атындагы орто мектеп 3 млн сомго ондоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоп-түзөө иштери жаңы окуу жылына чейин аяктайт.

«Биздин мектепте 570 бала билим алат. Оңдоп-түзөө ишине муктаж болуп, жергиликтүү бийлик менен Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна кайрылганбыз. Мындан улам 3 млн сом каралып, имарат толук ондоп-түзөөдөн өтүп жатат. Учурда чатыры жабылды, полун 1-сентябрга чейин бүтүрөбүз деп жатышат. Жаңы окуу жылына чейин оңдоо иштери аягына чыгат», - дейт мектептин директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×