Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 16.08.2019 12:18

Ак-Сууда өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өттү

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 15-августта ӨКМдин райондук бөлүмү тарабынан медициналык борбордун балдар бөлүмүндө өрт-тактикалык машыгуу өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, машыгууда медициналык кызматкерлер менен бейтаптарды коопсуз жерге көчүрүү, өрт учурунда жабыркагандарга медициналык жардам берүү, өрт өчүрүү көнүгүүлөрү аткарылды.

Машыгууга райондук санаэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери, 65 медициналык кызматкер, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн 18 кызматкери жана санэпидкөзөмөл борборунан 11 адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×