Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 14.08.2019 20:02 На русском

Ошто туулган күн белгилеген келин 1 жаштагы баласы менен көчөгө жатып калган (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында милиция кызматкерлери жаш баласы бар мас абалдагы келинди соолукканга чейин шаардык милициянын бөлүмүндө кармап, андан кийин үйүнө коё беришти. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мас абалдагы келин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1982-жылы туулган тургуну. Ош шаарында убактылуу жашап, базарлардын биринде иштеп жүргөн. 12-августта жолдошу келип, экөө туулган күн белгилешип, түнгө чейин базардын аймагында спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан соӊ жолдошу жубайын убактылуу жашап жаткан үйүнө жеткирип койбой, кайрадан Кызыл-Кыя шаарына кетип калган. Мас келин 1 жаш 2 айлык баласы менен үйүнө жетпей, көчөгө жатып уктап калган.

Анын жерде уктап жатканын көргөн жергиликтүү тургундар Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө кабарлашкан. Укук коргоо кызматкерлери эне-баланы милиция бөлүмүнө алып барып, мас аял соолуккандан кийин коё беришкен.

Ош ШИИБ аталган окуяга күбө болуп, кайдыгер карабай, милицияга кабар берген жарандарга ыраазычылык билдирет. Алардын маалыматына караганда, милиция бөлүмдөрүндө мас абалдагы адамдарды кармай турчу атайын жай жок. Буга чейин соолуктуруучу жайлар болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×