Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.07.2019 15:44

Кореялык дарыгерлер Ак-Суунун тургундарын акысыз текшерип жатышат. Сүрөт

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылынын тургундары акысыз медициналык текшерүүдөн өтүштү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Дарыгерлер тоолуу аймак болгондуктан кан басымы жогору, кант диабети жана муун оорулары басымдуу экенин белгилешти. Бул ирет көзөмөлдөн өткөн айыл тургундарына акысыз дары-дармектер берилди.

2017-жылдан бери Кереге-Таш айылы пилоттук айыл катары кайрымдуулук фонддун каттоосуна алынган. Анын негизинде аз камсыз 30 үй-бүлөнүн ар бирине 50 долларга чейин ай сайын жардам берилет.

Бул ирет Кореянын улуттук маданияты көрсөтүлүп, балдар үчүн белектер берилди. Алдыда дагы бир катар дарыгерлер келип, айылда медициналык текшерүүлөрдү жүргүзө турганы күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×