Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 23.07.2019 20:12

Ак-Суу районунда мектептердин алдына 350 жол белги жетишпейт

Turmush -  Ак-Суу районунда жолдун жээгинде жайгашкан мектептердин алдына 366 жол белгилери жетишпейт. Бул тууралуу райондук ЖККК бөлүмүнүн башчысы Толкун Дүйшөмбиев билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 2019-2020-окуу жылына карата жол белгилерин толук орнотуп бүтүрүү керек.

«Ак-Суу районундагы 35 мектептин биринин астында дагы ылдамдыкты төмөндөтүүчү дөңсөөлөр жасалган эмес. Ошондой эле жөө адамдар өтүүчү сызыктар жок. Район боюнча жалпы 366 жол белгиси жетишсиз болууда. №11 жол тейлөө ишканасынын башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул мамлекеттик маанидеги жолдорго №11 жол тейлөө ишканасы тарабынан жол белгилер коюлса, ички жолдорго айыл аймактар тарабынан коюлушу керек.

Эгер кырсык болсо ким жооп берет? Бул көйгөйдүн алдын алышыбыз керек», - деди Т.Дүйшөмбиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×