Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 18.07.2019 16:44

Ак-Сууда адистер эс алуучуларга сууга түшүүнүн эрежелерин үйрөтүштү

Turmush -  Ак-Суу районунда көлдүн жээгинде эс алып жаткан адамдарга адистер сууга түшүүнүн эрежелерин үйрөтүп жатышат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагындагы пляжга Каракол шаарынан жана райондун айылдарынан келген тургундар эс алышат. Аларга адистер сууга түшүүнүн эрежелерин үйрөтүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча маалымат барактарын таратышты.

«ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмү тарабынан кырсыктардын алдын алуу багытында пландык негизде иш жүргүзүлүп жатат. Көлдүн жээктеринен тышкары аймактардагы чоң сууларга, каналдарга түшүүгө болбойт деген белгилер орнотулду», - дешти райондук жарандык коргонуу кызматкерлери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×