Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.07.2019 18:11

Ак-Сууда тоют жыйноо 10 күнгө эрте аяктады

Turmush -  Ак-Суу району боюнча 11300 гектар жерге көп жылдык чөп айдалган. Анын биринчи чабыгын жыйноо 10 күнгө эрте аяктады. Бул тууралуу райондук агрардык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Алдаярбек Бейшекеев билдирди.

Анын айтымында, бир гектар жерден 200 түк чөп алынууда.

«Быйыл чөп орточо эсеп менен 30 сентнерден айланып, гектарынан 200 түктөн алынууда. Аба ырайы туруктуу болгондуктан чөп жыйноо 10 күнгө эрте бүттү. Экинчи чабык менен тоют толук камсыз болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×