Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.07.2019 17:05

Ак-Суудагы жайлоодо малчылардын балдарына куурчак театр көрсөтүлдү

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек жайлоосундагы «Алтын балалык» жайлоо бала бакчасындагы жеткинчектер курчак театр көрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, жеткинчектердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу үчүн «Ойноп, окуп, эс ал» урааны алдында бир катар оюн-зооктор өткөрүлүп жатат. Балдарга алгач «Мунарча үйү» орус эл жомогу көрсөтүлдү. Ошондой эле аң сезимин өстүрүү максатында жип байлоонун түрлөрү, кашык менен магнит жасоо боюнча мастер-класстар көрсөтүлүп, жеткинчектер жасоо сырын өздөштүрүштү.

Жайлоо бала бакчасында билим алып жаткан 25 балага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова баштаган жергиликтүү жетекчилер барып, китеп окуп берип, алар менен бирге ойношту.

«Бул жайлоо бала бакчасына 20-25 малчынын балдары келди. Алар таза абада дем алуу менен ден соолугун гана чыӊдабастан китеп окуп, жомокторду талдап, коопсуздук эрежелерин сактоону, жаратылышка аяр мамиле жасоону, мекенди сүйүүнү үйрөнүп жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×