Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.07.2019 13:58

Эки адам өлтүрүлгөн «Хан-Теңири» лагерине прокуратура кызматкерлери барышты

Turmush -  Ак-Суу районунун прокуратурасынын кызматкерлери эки адам өлтүрүлүп, бир аял барымтага алынган Эңилчек айылындагы «Хан-Теңири» лагерине барышты. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, 4-июлда аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ошондой эле райондун прокуратурасы тарабынан кылмыштарды кайра квалификациялоо жана эки адамды өлтүрүүгө шектелген Сергейди издөө иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Учурда шектүүнү кармоого Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин жеке курамы тартылган. Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүш ишин Башкы прокуратура жана Ысык-Көл облустук прокуратурасы көзөмөлгө алган.

Буга чейин «Хан-Теӊири» лагеринде эки адам өлтүрүлүп, бир адам барымтага алынганын Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Маалыматка караганда, 4-июлда болжол менен саат 12:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Эңилчек жайлоосунда жайгашкан «Хан-Теңири» альпинисттик лагердин башчысынын орун басары — 1970-жылы туулган А.Д. атып өлтүрүлгөндүгү маалымдалган.

Билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Териштирүү учурунда «Хан-Теӊири» лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.Сергей «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басарын төшүнө, ошол эле жерде иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М.К.ны ичке аткандыгы аныкталган.

Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы — Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И.У. Сергейди кармоо аракетин көргөндө анын колуна бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.

А.Д. окуя болгон жерде каза болуп, ал эми М.К. чек ара тозотуна медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан жолдон көз жумган.

Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда С.Сергей адамдарды атып өлтүргөндөн кийин ошол жердеги чумага каршы мекемеде иштеген Каракол шаарынын 48 жаштагы тургунун (Л.И., аял киши) барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган. Аталган факт Ак-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган.

Андан кийин барымтага алынган аял табылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×