Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.07.2019 15:13 На русском

Эки адам өлтүрүлүп, бири барымтага алынган лагердеги окуя. Бычак жеген Улукбектин абалы кандай?

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теңири» лагеринде бычак жеген И.Улукбектин иниси — Түп районунун Тасма айылынын тургуну Сагынбек агасынын абалы тууралуу буларды билдирди.

Анын айтымында, И.Улукбек «Хан-Теңири» лагеринде иштегенине бир жылдан ашкан.

«Эки баласы, аялы болуп ошол жакта жашайт. Абам (ага) төрт бир туугандын улуусу. 1985-жылы Түп районунун Тасма айылында туулган. Андан кийин эжем Узира, абам Сүйүнбек, анан менмин. Атам Дүйшөн, энем Күлүйпа Турук жайлоосунда элдин малын багып жатат.

Мен 4-июль күнү кечинде аталган окуя тууралуу уктум. Эртеси баралы деп калдык. Бирок Туруктан ары жакка, бери жакка кишилерди өткөрбөй жатыптыр. Эчкилүү-Таштагы лагердегилер менен байланышып, Улукбек абамдын абалы жакшы экенин биле алдык. Чек ара отрядына алып барып, жаратын таңып беришиптир. Бүгүн кечинде Турукка кеткен туугандардан жаңы кабар угабыз», - деди ал.

------------------------------------------------------

«Хан-Теӊири» лагеринде эки адамды өлтүрүүгө шектелип жаткан адам барымтага алган аял табылган. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган болчу.

Маалыматка караганда, аял лагерге кайтып келген. Анын айтымында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү Сергей аны коё берип, өзү атын чаптырган бойдон кеткен.

Кээ бир маалыматтарга караганда, шектүү менен «Хан-Теӊири» лагеринин башчысынын орун басарынын ортосунда кайым айтышуу чыккан. Андан кийин шектүү эшикке чыгып, кайра мылтык көтөрүп кирген. Алар 3-июлда спирт ичимдиктерин ичип отурушкан.

Окуя тууралуу

Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теӊири» лагеринде эки адам өлтүрүлүп, бир адам барымтага алынганын Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-июлда болжол менен саат 12:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Эңилчек жайлоосунда жайгашкан «Хан-Теңири» альпинисттик лагердин башчысынын орун басары — 1970-жылы туулган А.Д. атып өлтүрүлгөндүгү маалымдалган.

Билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Териштирүү учурунда «Хан-Теӊири» лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.Сергей «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басарын төшүнө, ошол эле жерде иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М.К.ны ичке аткандыгы аныкталган.

Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы — Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И.У. Сергейди кармоо аракетин көргөндө анын колуна бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.

А.Д. окуя болгон жерде каза болуп, ал эми М.К. чек ара тозотуна медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан жолдон көз жумган.

Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда С.Сергей адамдарды атып өлтүргөндөн кийин ошол жердеги чумага каршы мекемеде иштеген Каракол шаарынын 48 жаштагы тургунун (Л.И., аял киши) барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган. Аталган факт Ак-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки ѳндүрүш иши башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×