Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.07.2019 08:25

Ак-Суунун Боз-Учук айылында биринчи жолу спорт аянтча ачылды

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында жаңы спорт аянтча ишке берилди. Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл эли катышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, элетте буга чейин спорт аянтча болгон эмес.

«Жаштарды дени сак жашоого үндөө максатында спорт аянтча ачылып жатат. Курулуш иштери ушул жылдын апрель айында башталган. Эки жарым айда бүткөрүлүп, заман талабына ылайык жасалгаланды. Буга чейин айылда спорт аянтча болгон эмес, эми биздин аймактан дагы эл аралык деңгээлдеги спортчулар чыксын деп тилек кылабыз», - дешти айылдын тургундары.

Курулушка Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 2 млн 190 миң сом бөлүнгөн. Спорт аянтчага жол кырсыктан каза болгон айыл өкмөттүн мурдагы башчысы Кыдыр Тыналиевдин ысымы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×