Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.07.2019 14:33

Ак-Сууда 10 жылдык бүтүрүүчүлөр мектептин бир көйгөйүн чечип беришти

Turmush -  Ак-Суу районунун Отрадное айылындагы Мурат Калиев орто мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектепке кампа куруп жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Мектептин директору Чолпон Усупованын айтымында, билим берүү мекемеси жакшыртылган ысык тамак берүү программасына кирген, бирок аларда жер-жемиш сактоочу жай жок болчу.

«Бүтүрүүчүлөр мектепке жардам берүү сунушун билдирди. Биз дароо эле кампа маселесин айттык. Алар 20 000 сомго пескоблок алып беришти. Кампа жаңы окуу жылына карата ишке берилет», - дейт Ч.Усупова.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөр мектептин айланасын курчоого дагы жардам беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×