Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.07.2019 10:46 Жаңыланды: 18.07.2019 22:08

Айыл турмушу: Ишкерликке дилгир элеттик эсепчи Г.Чыныбаеванын эмгеги

Turmush -  Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылынын тургуну Гүлсара Чыныбаева 2013-жылы «Жылдыз» жамаатын түптөп, 8 адамды иш менен камсыз кылган. Элеттик ишкер айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча эсепчи. Буга чейин айыл аймакта 10 жылдай мамлекеттик кызматта иштеп, андан соң ишкерчиликке өткөн. Учурда үй шартында сүттү кайра иштетип, аны сатуу менен алектенет.

Анын жамааты күн сайын 200 литр сүттү иштетип, андан айран, каймак, сүзмө жана курут өндүрөт. Күнүнө үч кап ун жууруп, 2000 даана нанды шаардын дүкөндөрүнө өткөрөт. Калмак нанына суроо-талап арбын болгондуктан нан бышыруу ишине өзгөчө көңүл бөлүнөт.

«Мамлекеттик кызматтан чыккандан кийин алгач үйдө калмак нанын жасап, ишти баштагам. Күн сайын 3 кап ун жууруп, тандырга нан бышырам. Мындан тышкары, үй шартында сүттү кайра иштетип, каймак тартып, айран уютуп, быштак жана сүзмө жасап, туруктуу кардарларга өткөрөм. Айылда бош отурган кыз-келиндерди жумушка тартып, аларга апта сайын айлык маяна төлөп жатам», - дейт ишкер айым.

Анын айтымында, ал атайын долбоор жазып, анын алкагында как кургатуучу жабдыктарды алган.

«Учурда курут жасап, как кургатып, аларды Москва шаарына жөнөтүп жатабыз. Биздин продукциялар экологиялык жактан таза жана үй шартында өндүрүлгөндүктөн буйрутма бергендер көбөйүп жатат», - дейт ал.

Гүлсара Чыныбаева үй шартында сүттү кайра иштетүүдөн тышкары, чарбагында карагаттын «капитан» деген сортун өстүрүп, аны сатыкка чыгарат. Быйыл 3 миң түп карагат өстүрүп, анын 1,5 миң түбүн саткан.

Эми ишкер айым сүт багытындагы уйларды багып, ишин кеңейтүүнү жана дагы 20 адамды иш менен камсыз кылууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×