Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 01.07.2019 16:11 На русском

Ысык-Көлдө тойдон кийинки массалык уулануу: Дарыгерлер себебин аныкташты

Turmush -  Ак-Суу районунда тойдон кийин массалык уулануунун себебин дарыгерлер аныкташты.

Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы Рая Хафизованын айтымында, тамакка ууланган 14 адам ооруканага түшкөн, дагы 15 адам амбулатордук дарыланууда болгон. Буга байланыштуу адистер сууга бышырылган эттен 5 сынам алышкан. Лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 5 сынамдын үчөөнөн протеус вульгарис бактериясы аныкталган.

Ошондой эле, 5 бейтаптан анализ алынып, алардын экөөсүндө бул бактериялар бар экендиги белгилүү болгон.

«Колдонулган эт тийиштүү режимдеги температурада сакталбай, айылга алынып келинген. Андан кийин кайра иштетилбестен колдонулган. Уулануунун акыркы диагнозу тамак-аш токсикоинфекциясы», - деди ал.

Бүгүнкү күндө санитардык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Дарыгерлер ысык күндө бат бузулуучу тамакарды муздаткычта сактоону сунуштайт.

Буга чейин Ак-Суу районунда 12 адам ууланып, ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 8-июнунда Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну кызын турмушка узатканына байланыштуу кошуналарын конокко чакырган. 9-июнда саат үй ээси кошуналарына кешикке келген эттен ооз тийгизген.

10-июнга караган түнү коноктор өздөрүн жаман сезип, башы ооруп баштаган. Андан кийин ооруканага 19 адам кайрылган, алардын ичинен 12 адам ооруканада жатат. Калган 7 адам жеңил уулануу болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон.

Кызын турмушка узаткандан кийин кошуналарын конокко чакырган Боз-Учук айылынын жашоочусу окуя тууралуу айтып берген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×