Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 01.07.2019 15:45

Ак-Сууда жол кырсыктан каза болгон айыл аймак башчы К.Тыналиевдин ысымы спорт аянтчага берилди (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл аймагынын мурдагы башчысы, маркум Кыдыр Тыналиевдин ысымы өзү түптөп кеткен спорт аянтчага ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул демилгени айыл тургундары көтөрүп, ал айылдык кеңеш тарабынан колдоого алынган. Бул күнү спорттун футбол, көк бөрү жана гира көтөрүү түрү боюнча мелдештер уюштурулуп, алдыңкы оюнчуларга кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кичи футбол аянтчанын курулушу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ага 2 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Кыдыр Тыналиев 2017-2018-жылдары Боз-Учук айыл аймагынын башчысы болуп кызмат өтөгөн. 2018-жылдын апрель айында жол кырсыктан каза болгон. Маркумдун артында 1 уулу, 1 кызы, жубайы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×