Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.06.2019 18:52

Ак-Сууда 1,4 млн сомго «Жаштар багы» паркы түптөлүп жатат

Turmush -  Ак-Суу районунун борбору Теплоключенка айылында 30 сотых жерге «Жаштар багы» деп аталган парк түптөлүп жатат, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Көбөнбаевдин айтымында, ал үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 1 млн 400 миң сом бөлүнгөн.

«Учурда паркка отургучтар коюлуп, балдар ойноочу аянтчаларга тетиктер орнотулуп, таманташ төшөлүп жатат. Парк «Жаштар багы» деп аталып, аны жаштар көзөмөлгө алышат», - дейт айыл өкмөт башчы.

Учурда суу тартылып, унаа токтоочу жайы жасалууда. Парктын расмий ачылышы июль айында болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×