Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.06.2019 15:59

Сүрөт — Ысык-Көлдөгү эң кичинекей бала бакча

Turmush -  Ак-Суу районунун Шапак айылындагы «Алтын Балалык» бала бакчасы 2014-жылы клубдун имаратында ачылган.

Бала бакчанын жетекчиси Нургүл Закиряеванын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу үчүн алар айылдык клубдун чакан 4 бөлмөсүн алышкан.

«Өзүбүздүн күчүбүз менен оңдоо иштерин жүргүзүп, айылдаштарыбыздын балдарын кабыл алдык. Учурда бул жакта 27 бала бар, бирок кезекте 35 бала турат. Бизде ойноо үчүн кичинекей бөлмө жана андан дагы кичинекей уктоочу бөлмө жана ашканабыз бар», - деди ал.

Анын айтымында, буга чейин бала бакча Шапак айылындагы Усуп Мурзакматов атындагы мектептин бир корпусунда жайгашчу.

«2012-жылы айыл өкмөттүн чечими менен бизге айылдагы мектептин бир корпусу берилген. Биз балдарды кабыл алып, иштеп баштаганбыз. Өкмөттүн эмес уюмдун жардамы менен бала бакчанын 2-кабатын куруп бүтүрүшүбүз керек болчу. Бирок акимдин, жергиликтүү депутаттардын чечимине ылайык, бизден имаратты бошотууну суранышты. Аны бузуп, ордуна жаңысын куруп жатышат», - деди ал.

Бүгүнкү күндө балдар айылдык клубдун кичинекей бөлмөлөрүндө тарбияланышат. Ал Ысык-Көл облусундагы эң кичинекей бала бакча болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×