Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 29.06.2019 13:19

Ак-Сууда 3700 окуучу бир айлык жайкы лагерге катышып жатат

Turmush -  Ак-Суу району боюнча 3700 окуучу жайкы лагерге катышып жатат. Бул тууралуу Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, башталгыч класстардын окуучулары 5-июндан 5-июлга чейин жайкы лагерге катышууда.

«Балдардын билим деңгээлин жогорулатуу, аларды интеллектуалдык жактан өстүрүү үчүн жайкы лагерь уюштурулуп жатат. Алар «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында ар кандай жомокторду, китептерди окуп, менталдык арифметиканы, шахматты үйрөнүп жатышат», - деди Малик Темиралиев.

Лагерлер ар бир айылдагы мектептерде уюштурулуп, балдар күнүнө 3 сааттан окуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×