Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 29.06.2019 10:47

Ак-Суудагы бала бакчанын бир бөлүгү союз тарагандан кийин каралбай калган

Turmush -  Ак-Суу районунун Орлиное айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси СССР убагында курулган. Бирок союз тарагандан кийин бала бакча иштебей калган.

2013-жылы каралбай калган бала бакчанын имаратын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, мекемеге 45 бала кабыл алынган. Бирок имарат толук оңдолгон эмес, анын оң капталы дагы деле каралбай калган абалда. Учурда бала бакчада 11 адам эмгектенет.

Бала бакчанын иши менен таанышкан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев аталган бала бакчага 60тан ашык бала кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Бирок, учурда анда 45 бала тарбияланат. Буга байланыштуу ал имараттын бош турган бөлүгүн оңдоонун кажети жок деп эсептейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×