Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.06.2019 11:24 На русском

Ысык-Көлдө малчылар нааразычылык акциясына чыгышты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунун Башарын жана Чар-Кудук жайлоолорунда мал баккан тургундар нааразычылык акциясына чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, чогулгандар сүттүн баасы арзан болуп жатканына нааразы экенин билдиришти.

Алардын айтымында, учурда сүттүн 1 литри 12 сомдон болууда. Өткөн жылга салыштырмалуу баа төмөндөп кеткен. Алар менен сүт алуучу ишканалардын өкүлдөрү жолугуп, алар сүттүн майлуулугу кескин төмөндөп кеткендиктен баасы дагы ошого жараша болуп жатканын айтышты.

Ал эми малчылар бааны 15 сомго көтөрүүнү сунушташты. Сүттү кабыл алуучулар эгер сүттүн майлуулугу жогоруласа, анда бааны көтөрүү маселеси караларын белгилешти.

Эки саатка созулган сүйлөшүүдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тургундар көтөрүлгөн маселени чечип берүүнү өтүнүп, тарап кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×