Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.06.2019 10:55

Ысык-Көлдүн тургуну сууга чөккөн окуучуну куткарып калган Элвирага «Эрдик» медалы берилбегенине нааразы (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районундагы Орлиное айылында сууга чөккөн окуучуну куткарып калган 2003-жылы туулган Кенжебек кызы Элвираны ӨКМ ыраазычылык барагы менен сыйлады.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, окуя 2017-жылдын 18-июнунда болгон. 2003-жылы туулган Кенжебек кызы Элвира Түп районундагы Ж.Мукамбаев атындагы мектептин окуучусу. Ал Ак-Суу районундагы Орлиное айылындагы эжесинин үйүнө эс алууга барып, 2006-жылы туулган Асел Үмөткалиеваны сууга чөгүп кеткен жеринен куткарып калган. Бул эрдиги үчүн ӨКМ аны ыраазычылык барагы менен сыйлады.

Бирок бул берилген сыйлыкка Орлиное айылынын тургуну, сууга чөккөн кыздын тууганы Акмат Акчубаков ыраазы эмес.

«Адам өмүрүн сактап калган. Болгондо да жаш кыз өзүн жоготпой, көл жээгинде жашагандык кылып, суудан окуучуну алып чыгып, алгачкы жардамды көрсөткөнү эрдикке татыктуу эмеспи? Мен Элвирага ӨКМдин «Эрдик» медалын алып бермейинче барчу жерге бара берем», - деди Акмат Акчубаков.

Буга чейин Turmush басылмасы сууга чөккөн окуучуну куткарып калган Элвиранын эрдиги тууралуу жазган (толугу менен бул шилтемеде).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×