Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.06.2019 11:41

Ак-Суу районунун акиминин эки орун басары дайындалды. Алар кимдер?

Turmush -  Ак-Суу райондук администрациясынын жамаатына акимдин жаңы дайындалган эки орун басары тааныштырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Суу районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп Гүлзат Суранчиева дайындалды.

Ошондой эле премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Ак-Суу районунун акиминин орун басары болуп Каржы полициясынын капитаны, 37 жаштагы Нурлан Кадыров дайындалды.

Райондук администрациянын жамаатына акимдин эки орун басарын өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров тааныштырды.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Суранчиева Гүлзат Калиевна

Туулган жылы: 1976-жыл

Билими

- К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бухгалтерия бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу

- 1998-2001-жылдары Теплоключенка айыл өкмөтүндө аскердик каттоо бөлүмүнүн инспектору;

- 2001-жылдын январь айынан 2001-жылдын май айына чейин экономист-статист;

- 2001-жылдын май айынан 2003-жылдын апрель айына чейин Ак-Суу райондук администрациясынын кабыл алуу бөлүмүндө катчы;

- 2003-жылдан 2006-жылга чейин Ак-Суу райондук администрациясында социалдык маселелер боюнча алдыңкы адис;

- 2003-жылдан 2006-жылга чейин Ак-Суу райондук администрациясында социалдык маселелер боюнча башкы адис. Ошондой эле орто чакан бизнести өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу боюнча башкы адис;

- 2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин райондук администрациянын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы.

16

Ал эми акимдин экинчи орун басары Кыдыров Нурлан Дүйшөнбекович 1982-жылы Бишкек шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Ал Каржы полициясынын капитаны, запастагы ага лейтенант. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чинине ээ. Ал Лондондо эл аралык тил мектебин аяктаган. Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 2006-2009-жылдары Каржы полициясынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү;

- 2011-2012-жылдары «Кыдыр аке» коомдук фондунун директору;

- 2012-2013-жылдары Башкы прокуратуранын жарандарды кабыл алуу жана документ менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2014-2015-жылдары Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгында тергөөчү;

- 2015-2016-жылдары өкмөттүн аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүндө эксперт;

- 2016-жылдын апрель айынан 2016-жылдын сентябрь айына чейин өкмөттүн аппаратында, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;

-2018-жылы өкмөттүн аппаратынын Жогорку Кеңештеги эксперти болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×