Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.06.2019 11:29 Жаңыланды: 27.06.2019 18:21 На русском

Айыл турмушу: Ысык-Көлдө 100 топоз баккан Р.Өмүрбековдун небереси туристтерге топоз менен кызмат кылат (сүрөт)

Turmush -  Каркырада өткөн Ысык-Көл облусунун 80 жылдык жана манасчылар Саякбай Каралаевдин 125, Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдык мааракелеринде торпок тартыштан кийинки кызыктуу шоу топоз минген бала жана акча төлөп сүрөткө түшүү болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Кары-жашы дебей биринин артынан бири кезек күтүп, аларды тейлеп жаткан 11-класска көчкөн Бакыт Азаматов тууралуу билүү үчүн чоң атасы Рысбек Өмүрбековду издеп табууга туура келди.

«Мен 32 жылдан бери Ак-Суу районуна таандык Сары-Жаздын Эчкилүү-Таш жайлоосунда топоз багып келем», - деди Челпек айылында каттоодо турган Рысбек Өмүрбеков.

Ээн коктуда жашоосун жалгыз улантып жаткан Рысбек эл менен баарлашууну самап калганбы, топоз багуудагы түйшүктөр, электр жарыгы жок жылдын төрт мезгилинде бир гана китеп окуу менен убактысын өткөргөнүн жана башка кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Байбичем Жылдызга баш кошкондо М.С.Горбачевдун «Кайра куруусуна» шыктанып, партиянын тапшырмасы деп бир короо топоз багууга киришкенбиз. Баргандан бери Сары-Жаздын аты айтып тургандай жапайы тоо эчкилер менен аралаш Эчкилүү-Ташта топоз багып келебиз. Адегенде совхоздун топозу эле, союз тарагандан кийин өзүбүздүн менчик топозубузду багып калдык. Топоз өзү суукка чыдамдуу, тоютту көп талап кыла бербеген, карышкырдан өзүн коргоого жөндөмдүү жаныбар. Кышында кар калың болгондо гана тоютка карабаса, көбүнчө тоонун күңгөй бетинде жанын багышат. Азыр 100дөн ашык топозду тун балам Данияр келинчеги Жамийла болуп багып келебиз. Байбичем менен бир ай биз баксак, кийинки айда Данияр кезектешип багышат.

Кышында жолду кар басып калгандыктан 4-5 айлап же биз же уул-келин кыштап чыгышат. Эчкилүү-Ташта топоз багып жүрүп, 6 балалуу, 12 неберелүү болдук. Жайкы каникул келери менен неберелерим, жээндерим келишип, бизге жардамдарын беришет. Тоодогу топоздорду дүрбү менен санап, толуктап келишет. Азыр күн жылуу болгондуктан топоздор аскага чыгып кетишкен. Негизи биз топозду этке гана пайдаланып жаткандыктан анын жүнү, кылы пайдаланылбай калат. Топоз өстүрүүнү колго алсак, чет өлкөгө эт экспорттоого, эл аралык стандартка жооп берет эле, анткени топоздун эти экологиялык таза азык болуп жатпайбы.

Мына бул неберем Бакыт Эчкилүү-Таштан Каркырага чейин 7 саатта келди. 4 жаштагы топоздун өгүзү менен топоздорду кайтарат, отун-суу алып келет жана былтыртадан бери чет элдик туристтерди мингизип, сүрөткө түшүрүп, кызмат көрсөтүп келүүдө. Өзүңөр күбө болгондой, чет элдик туристтер эмес, жергиликтүү эл деле көптөн бери топозду көрбөй сагынып калышыптыр.

Электр жарыгы болуп, интернет аркылуу топоз туризмин жарнамаласак кандай жакшы болор эле. Акыркы эки жылдан бери Кытайдын күн батарейкасын пайдаланып жатабыз. Ал деле жер шартына байланыштуу үйдүн ичиндеги электр жарыгын араң берет», - деди Рысбек Өмүрбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×