Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Чүй облусуСокулук району 26.06.2019 11:37 На русском

«Апам менен ал кишинин жаман иш кылып жатканын көрүп...» Шектүү депутатты эмне үчүн сабаган? Видео

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылдык кеңешинин депутаты Алмахмат Жороевди сабап кетишкенин аймактык кабарчыга анын жакындары билдирген. Көп өтпөй Жороевди ур-томокко алууга шектелип, жергиликтүү тургун кармалган.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 24-июнунда Сокулук РИИБдин Жаңы-Жер айылындагы аймактык милиция бөлүмүнө Төмөнкү Чүй айылында бир нече жаш балдар жергиликтүү тургунду ур-токмокко алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт боюнча ыкчам тергөө тобу чыккан.

Шектүү

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлерине 22 жаштагы жергиликтүү тургун А.Т. арыз менен кайрылып, 48 жаштагы атасын (Ж.А.) топ балдар сабап кеткендигин, жабырлануучу райондук аймактык ооруканага жеткирилгендигин билдирген.

Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иштер башталган.

Сокулук РИИБдин криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын негизинде 38 жаштагы М.З. аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Ал сурак учурунда болжол менен 4 ай мурун өзүнүн аялы менен жабырлануучунун ортосундагы мамилени билип калып, аялы менен ажырышкандыгын билдирген. Ушул 4 ай аралыгында үй-бүлөлүк маселенин айынан аталган эки ​​ тургундун ортосунда кайым айтышуулар болуп келген. 24-июнда болжол менен саат 19:30 чамасында айылдагы көчөлөрдүн биринде жолуккан жабырлануучу менен шектүү кайым айтышып, андан соң 38 жаштагы М.З. 48 жаштагы Ж.А.нын денесине залал келтирген.

Кармалган тургун Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Азыркы тапта милиция кызматкерлери аталган окуяны объективдүү иликтөө үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Шектүүнүн иниси Адылбек Муратов аймактык кабарчыга буларды айтып берди.

«Бул киши менин агамдын үй-бүлөсү менен кандайча мамиле түзүп калды? Алмахмат Жороев депутат катары арабдар жана башка фонддор менен иштешип, айыл элине ар кандай жардамдарды алып келчү. Бул агамдын үй-бүлөсүнө да жардам берем деп акырындан аралашып, жакындай берген. Жороев имамдын орун басары дагы болгон.

Ошентип ал жеңем менен жакын мамиле түзүп, акыры «мен сени элдин баарына жаям, ажыраштырып жиберем» деп коркутуп, жакын байланышты түзүп жүргөн экен. Эл арасында экөө ойнош болуп жүрөт деген сөз тарап кеткен. Ал ортодо агамдын 15 жаштагы улуу баласы экөөнүн үстүнөн чыккан экен. Бул көрүнүш 2 жылдан бери болуп келген. Кийин агам аларды билип калып, 3-4 ай мурун экөө ажырашып кетишти. Жеңем балдарды агама бир шарт менен, тактап айтканда «мени эч кимге шерменде кылбайсың, сөз чыгарбайсың, мен балдарга тийбейм» деп айтып, үйдөн чыгып кеткен. Мыйзам чегинде экөө ажырашты. Агам төрт баласына эне дагы, ата дагы болуп карап жаткан. 4 жаштагы, 5 жаштагы, 8 жаштагы жана 15 жаштагы балдарды тирүүлөй апасыз калтырып, бир үй-бүлөнү бузуп салды. Эми минтип атасы да камалды.

Агам баарын билип, ажырашкандан кийин күйүткө батты. Ошол маалда орозо айы болуп, ал өзүн ушунчалык сабырдуулук менен карманып жүргөн. Жакында эле тиги киши менен талаадан жолугуп калып, ого бетер кыжырына тийген сөздөрдү айтыптыр. «Сен эч нерсе кыла албайсың. Керек болсо мен сени атып салам» дегенде агам ачуусуна чыдабай сабап салыптыр. 5-6 бала болуп сабады деген жалган. Алар экөөнү арачалаганга барышкан экен.

Айласыздан ушул ишке барды. Буга чейин агам эч кандай кылмышка барган эмес. Үй-бүлөсүнө, балдарына камкор ата болчу. Ойнош болуп жүргөн аялына кол көтөрбөй, аны менен мыйзам чегинде ажырашып кетти», - деди ал.

Мечиттин имамы Бостонбай Ашуров: «Булар 16 жылдан бери жашап келе жатышкан. М.З. курулушта уста болуп иштечү. Бишкек шаарына чейин буйрутма менен барып келчү. Ошондой эле айылда дыйканчылык менен алектенчү», - деди.

Шектүүнүн улуу баласы: «Атам Бишкекке кеткенде ал үйгө 2-3 жолу келип, огороддун аягында апам менен жаман иш кылган… Ошондо тиги киши мени коркуткан», - деди.

Шектүүнүн атасы Аловидин Муров укук коргоо органдарынан акыйкаттуу чечим чыгарып берүүнү өтүндү.

Буга чейин депутаттын агасы Аскат Жороев да укук коргоо органдарынан инисин сабагандарга туура чечим чыгарып берүүнү суранган.

Жабырлануучу үй-бүлөлүү, 4 кыз жана 2 уулдун атасы.

«Мурда сабаган балдардын биринин аялына байланышкан түшүнбөстүк болгон. Бул жолу чыр эмнеден чыкканын билбейбиз. Кечээ иним айдоо аянттарына баруучу сууну текшерип, суу чарбанын жетекчиси менен отуруптур. Ошол маалда сабаган балдардын бири «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен келип, «сизде сөз бар, өзүнчө барып сүйлөшөлү» деп алдап чакырып, унаасына отургузуп алып кетиптир. Жолдон «унаанын майы түгөндү» деп кайра «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаага салып, Төмөнкү Чүй айылынын этегиндеги айдоо аянтка алып барыптыр. Ал жакта бир унаада 4-5 киши күтүп отурушуптур. Иним унаадан түшкөндө эле сөзгө келбей, аркасынан каракушка лом менен чаап жиберишкен экен. Андан кийин баарылап темир буюмдар менен чапкылап, тепкилешиптир. Биз издеп, чакырып кеткен балдарды угуп, алардан сурасак «талаада жатат, таап алгыла» деп жооп беришти. Ошол айткан дарекке барып, инибизди унаага салып, ооруканага алып бардык. Сабап, андан кийин аңга ыргытып жиберишиптир. Азыр эмнеден улам мындай зөөкүрчүлүк кадамга барганын тактап жатабыз», - деди ал.

Сокулук райондук аймактык ооруканадан билдиришкендей, сабалган депутаттын абалы орто оор.

Ал учурда баш сөөктүн жабык түрүндөгү жаракаты, баш мээсинин чайкалышы, каракуштун тушунан алган жаракаты, оң капталындагы 5-6 кабыргаларынын сынышы деген диагноз менен дарыланып жатат. Азыр ага бардык медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×