Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Талас облусуТалас району 11.06.2019 12:48

«Ата, апамды эркек төрөтүп келиңизчи»: Трактористтин 44 жаштагы жубайы Зулфия айым 9 кыз, 2 уулдун апасы. Сүрөт

Turmush -  Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылынын 44 жаштагы тургуну Зулфия Телгараева 34 жашында «Баатыр эне» наамын алган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылынын кызы. Кийин Кырк-Казыкка келин болуп келген. Учурда 9 кыз, 2 уулдун энеси. Көпчүлүк Анара деп таанышат. Кичинесинде үйүндөгүлөр ушундай атап, ушул ысым менен чоңойгон.

«Өзүм 5 бир тууганмын: 3 кыз, 2 уулбуз. 1996-жылы 21 жашымда турмушка чыккам. Өзүм Таластагы техникумду бүткөм. Булгаары боюнча тигүүчүлүк жактан технологмун. 2009-жылы «Баатыр эне» сыйлыгын алдым. «Эне даңкын» наамын алган жокмун. 3 жылдан бери жөлөк пулду (пособие) кыркып салып, ошондон бери албайбыз. Көп балалуу болсом деген кыялым орундалды. Кудайга шүгүр, эл артында калбай, кайын атам жана кайын энем менен бирге балдар деп жашап жатабыз.

Жолдошум Дайырбек (баары Бузурман деп таанышат) дыйкан. Трактор айдап, киреше табат. Бизди баккан ушул киши. Үйдөн жолдошум эле иштейт. Турмуш жолуна түшкөндөн бери эч жамандык көрбөй, балдар менен гана күн өткөрүп келем. Кудай берген 9 кыз жана 2 уулду чоңойтуп келебиз. Албетте, бала багуунун түйшүгү чоң. Бирок ошонун баарына кайын энем кол кабыш кылды. Эң негизгиси бала оорубаса экен деп тиленем. Бала төрөлөт деп төрөй бердим (күлүп).

Улуу кызыбыз медициналык окуу жайды аяктап, учурда Таластагы ооруканада иштеп жатат. Экинчибиз медициналык окуу жайда окуйт. Калгандары мектепке барышат. 2 кичинекейибиз менен үйдөмүн. Балдарыбыз мектептен аракет кылып жакшы окушат. «Көп болгон жакшы, көп болсок жумуш бат бүтөт. Сырттан эч ким тийише албайт, жалпылап кетебиз» деп күлдүрүп калышат. Тааныбаган, бир көргөн адамдар таң калышат. «Коңшу балдарды дагы кошуп алгансыңбы?» деп ишенишпейт. Экинчи кызым улуу кызымдын жумушуна барып калса, бирге иштешкен кесиптештери окшоштуруп, «аябай окшошсуңар, канча бир туугансыңар? деп сурашыптыр. Кызым «айпай эле коёлу, айтсам ишенбейсиз» деп күлүп кетип калган экен. Ушундай суроолор болуп калса «11 бир тууганбыз десек көптөр ишенбейт» деп айтпай кетип калышат экен (күлүп)», - деди ал.

Кайын энеси Оморова Жумабү апанын айтымында, неберелеринин ысымдарын чоң атасы экөө койгон.

«Баарынын аттарын чоң атасы экөөбүз койгонбуз. Менин 3 кыз жана 1 уулум бар. Кудайга шүгүр, жалгыз балам бар деп өкүнбөйм. Кудай берип очор-бачар чоң бүлө болуп калдык. Ар бир бала төрөлгөндө жакшы маанай менен үйгө алып келип жаттык. Экинчи кызым төрөлгөндө эркек болот дешкен. Төрөлгөндө кыз деп айтса «Эркек болот деп жүргөнбүз. Жаңылып калгансыз го же алмаштырып алган жоксузбу?» деп күмөн санап айтып алгам. Кийин аябай күлгөнбүз. Ошол кыздын атын Айжамал деп койгом. Өзү эркектей, абышкама жардам берип малды жайгарчу. Студент болгондон бери токтотту.

Эки уулубуздун улуусу Алинур кийинкиси төрөлгөндө эркек болот деп оюнчук унааларды чогулта бериптир. Аны биз деле элес албаптырбыз. Ошондо Алинур 3 жашка чыгып калган. Үйгө келип кыз төрөлдү десек (Хадижа аттуу кыз) бизди карабай, баягы унаалардын дөңгөлөктөрүн чыгарып ыргытып, «бул кыз экен, ал куурчак менен ойнойт» деп ыйласа аябай таң калганбыз.

Кыз төрөп жатасың же кыз-уул деп бөлүп жарганыбыз жок. Баары буйруктан. Аман болушун үмүт кылабыз. Тынч жүрүшөт. Коноктор келип калышса «көп балалуу экениңер билинбейт» деп айтышат. Майрамдарда калтырбай баарын унаага салып алып, көңүлүн ачып турабыз. Ар биринин туулган күнүн дагы белгилеп турабыз. Бизге 1 торт жетпейт, 5 торт даярдайбыз (күлүп). Ар биринин ар нерсеге жөндөмү бар. Ошого жараша ийримдерге катышып турушат. Эч нерседен калтырбайбыз», - деди ал.

Зулфия айым дагы биринчи баласы Алинур инилүү болууну абдан каалагандыгын кошумчалады.

«Кийин экинчи баламды төрөйүн деп төрөтканага чыгып жатсак Алинур балабыз эшикке чуркап чыгып, «ата, апамды эркек төрөтүп келиңизчи» десе аябай күлүп кеткем. Жакшы маанай менен кетип, жеңил төрөгөм. Атасы үйгө келгенде «баары кудайдын колунда болот» деп балдарга түшүндүрүп айткан экен. Азыр көптү түшүнүп калышты. Ошентип экинчи эркек балалуу болгонбуз. УЗИден дагы эркек дешкен. Бирок мен төрөгөнчө ишенген жокмун. Эртеси төрөтканага балдарым барышса ал жактагылар таң калышкан.

Бири ашпозчу, бири мугалим, дүкөнчү болсом деп айтышат. Ким болушса дагы колдоо гана көрсөтөбүз. Балдарыбыз эки бөлмөгө бөлүнүп жатышат. Үйдө тарбия жакшы, тартип күч. Кээ бир келиндер «ызы-чуу болгонун көрбөйбүз, биз 3 балага башыбыз тегеренип калат» деп айтышат (күлүп). Өзүбүз менен өзүбүз, жолдошумдун трактору менен жер иштетип, тиричилик кылабыз. Балдардын келечегин ойлоп, болгон күчүбүздү жумшап келебиз. Балдарым бакытым деп ар биринин бетинен сүйүп отурабыз», - деди ал.

Баатыр эненин уул-кыздары:

- Дайырбекова Айчолпон 1997- жылы төрөлгөн;

- Дайырбекова Айжамал 1999-жылы төрөлгөн;

- Дайырбекова Салкын 2001- жылы төрөлгөн;

- Дайырбекова Жанара 2002-жылы төрөлгөн;

- Дайырбекова Уулжан 2004-жылы төрөлгөн;

- Дайырбекова Алинур 2007-жылы төрөлгөн;

- Токтобекова Хадижа 2006-жылы төрөлгөн;

- Дайырбекова Фатима 2009-жылы төрөлгөн;

- Дайырбекова Малика 2012-жылы төрөлгөн;

- Дайырбеков Нурадил 2014-жылы төрөлгөн;

- Дайырбекова Рабия 2017-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×