Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.06.2019 16:05

Ак-Сууда жол сакчылар балдар үйүнө материалдык жардам көрсөтүштү

Turmush -  Ысык-Көл ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы балдар үйүнө барышты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, жол сакчылары балдарды майрамы менен куттукташып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материлдык жардам көрсөтүп, баалуу белектерди тапшырышты.

Ошону менен бирге балдар үйүндө тарбияланып, окууда ийгиликтерди жараткан, коомдук иш-чараларга активдүү катышкан балдарга ардак грамоталар тапшырылды.

Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары дагы катышып, балдар үйүнө жардам көрсөткөн ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлерине ыраазычылык билидирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×