Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.04.2019 09:56

Ак-Суу районунда жолго түшкөн кар көчкү тазаланып жатат

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Каракол—Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында (Ак-Суу району, Чоң-Ашуу ашуусу) түшкөн кар көчкү тазаланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, болжол менен 12000 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Аны тазалоого Жети-Өгүз райондук №3 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тартылган. 8-апрелде түнкү саат 22:30дан тарта кар көчкүнүн кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүрүп жатат.

Унаа жолдун 36-чакырымында (Ак-Булак айылы) жана 118-чакырымында («Оттук» чек ара посту) посттор уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×