Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.02.2019 11:20 На русском

Ак-Сууда жеңил унаа даракты сүзүп, 3 адам жабыркады (сүрөт)

Turmush -  Каракол—Эңилчек унаа жолунун 4-чакырымында, тактап айтканда Ак-Суу районунун Маман айылындагы жол кырсыктан 3 эркек адам жаракат алды. Окуя кечээ, 26-февралда саат 19:25 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, даракты сүзүп токтогон. Куткаруучулар унаага кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Ал эми жабыркагандар Каракол шаардык ооруканасына жеткирилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар айдоочулардан жол эрежелерин сактоону суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×