Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.01.2019 11:34 Жаңыланды: 24.01.2019 13:37

Ысык-Көлдө 9-класстын окуучусу өз жанын кыйды. Кызматтык иликтөө башталды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 9-класстын окуучусу өз жанын кыйды. Мындай окуя болгонун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында окуучу асынып алган. Ал жергиликтүү мектептердин биринде 9-класста окучу. Кээ бир маалыматтар боюнча, анын мындай кадамга барышына жогорку класстын окуучулары менен болгон жаңжал себеп болгон.

Окуя болгон жерде ОИИБдин кызматкерлери иш алып барууда.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өз жанын кыюу фактысы боюнча Ак-Суу РИИБге арыз түшпөгөнүнө байланыштуу ал райондун милициясы тарабынан каттоого алынган эмес.

«Учурда тергөө-оперативдүү тобу Ичке-Жергез айылында иштеп, мугалимдерди суракка алып жатат. Мугалимдердин айтымында, каза болгон 2003-жылы туулган Т. уулу Ж. тырышчаак болчу. Өз жанын кыюу фактысынын себеби аныкталууда.

Мындан тышкары ЖМКлардын биринде буга чейин милиция кызматкерлери каза болгон окуучунун ата-энесинен алардын уулу достору менен бирге 10-класстын окуучусун сабап койгону үчүн 7 миң сом талап кылышканы тууралуу маалымат жарыяланган. Учурда бул боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматтык текшерүү башталып, аны ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча ички иликтөө кызматы жүргүзүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×