Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 18.01.2019 14:04 На русском

Сүрөт: Чолпон айылындагы мектептин 58 млн сомго курулган жаңы имараты ачылды

Turmush -  Бүгүн, 18-январда Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы мектептин 225 орундуу жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров жана Аида Исмаилова, Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Ысык-Көл облусу боюнча куратор Мирбек Кожоев, Жогорку соттун өкүлү Гүлбара Калиева катышты.

Имаратта спорт зал, ашкана, китепкана, устакана, архивдик бөлмө кошо курулган. Бүгүнкү күндө анда 368 окуучу билим алып, 29 мугалим эмгектенип жатат.

Буга чейин имараттын курулушуна 24 млн сомдон ашык каражатты Түркия берсе, калган каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөнү маалымдалган. Биринчи ортомчу ишкана курулушту 2013-жылы баштап, анын 35 пайызын бүтүргөн. Бирок бир нече көйгөйдөн улам курулуш компания алмаштырылган. Андан кийин курулуш иштерин «Түндүк Курулуш» фирмасы уланткан.

58 млн сомго эки кабаттуу имарат, спорт зал курулуп, мектептин аймагы жакшыртылган. Ошондой эле мектеп жаңы эмерек менен камсыздалды.

Окуучулар жаңы имаратта окуп башташа элек. Учурда алар билим алууну шарты жок эски имаратта улантып жатышат.

«Балдарды мектепке жөнөтүп жатканда алардын коопсуздугун ойлойбуз. Анткени эски имаратта шарт каралган эмес. Куруучулар имаратты куруп бүтүштү, ал бизге жакты. Эми анын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Мамлекетке балдарга кам көргөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деген Чолпон айылынын тургуну Темирбек Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×