Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 04.11.2018 16:14 На русском

Ысык-Көлдө милиция мал уурулукка айыптаган 18 жаштагы жигиттин асынып турган денеси табылды (видео)

Turmush -  Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылында 18 жаштагы жигит асынып өлдү. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

«Вентус» коомдук бирикмеси Бөрү-Баш айылынын тургуну Нурлан Асанбековдун видео кайрылуусун жарыялады. Ал кайрылууда 2000-жылы туулган баласы Эрмек Касымовду милиция кызматкерлери сабап өлтүрүп койгондугун айткан.

Н.Асанбековдун айтымында, 22-октябрда милиция кызматкерлери баласынын мойнуна мал уурдоо боюнча кылмышты алдыруу үчүн кыйноо колдонушкан.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы аталган билдирүүгө жооп берип, 22-октябрда Ак-Суу РИИБге Эрмек деген бала даракка асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүн билдирди.

Аталган факты боюнча окуя болгон жерге иликтөөчү топ барган. Жигиттин денеси айылдын четиндеги дарактан табылган. Соттук-медициналык экспертизанын, дарыгерлердин көзүнчү денеге кароо жүргүзүлүп, анын мойнунан жиптин изи бар экени көрүнгүн. Аталган факты Ак-Суу РИИБге катталып, экспертиза дайындалган.
Облустук милициянын маалыматына караганда, 19-октябрда Ак-Суу РИИБге Бөрү-Баш айылынын тургуну К.Жыпаркүл кайрылып, 13-октябрда белгисиз адамдар сарайынан 3 жандык малын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган уурулук кылмышка шектелип, Э.Касымов кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 3 койду уурдагандыгын айткан. Андан кийин аларды атасынын унаасы менен Караколго алып барып, 12 миң сомго сатып жиберген. Аталган акчага өзүнүн сүйлөшкөн кызынын туулган күнүнө мобилдик телефон алган. Аталган факты боюнча мал уурулук беренеси менен кылмыш иш козголгон.

ОИИБ мындан тышкары кыйноо жөнүндө билдирүү жасаган адам ИИМдин базасында 1984-жылы 7 жылга камалган адам катары тургандыгын билдирди. 1996-жылы мал уурулук үчүн 3 жылга камалган. 1998-жылы бейбаштык менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айып төлөгөн. Мындан тышкары 2008-жылы бейбаштык боюнча жоопкерчиликке тартылган. 2013-жылы мал уурулук боюнча айып тагылган. Бирок зыяндын орду толтурулгандыгы үчүн жабырлануучу тарап менен макулдашылып, кылмыш иш токтотулган.

Э.Касымовдун өлүмү, Н.Асанбековдун кайрылуусу боюнча Ак-Суу районунун прокуратурасы, милиция тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Н.Асанбеков Turmush басылмасына берген комментарийинде Ак-Суу РИИБдин имаратында 3 милиционер баласынын башына баштык кийгизип, суу куюлган желим бөтөлкө менен сабагандыгын билдирди.

Анын айтымында, милиционерлер баласынын кылмыш ишин токтотуу үчүн 70 миң сом талап кылышкан. Эгер акча берилбесе баласына баңгизат салып болсо да кармаша тургандыгын айтышкан.

Бирок баласынын 3 койдун уурдалышына тиешеси жок экендигин айтып берчү күбөлөр бар. Эрмек топтогон акчаларын үйдө сактап жүрчү. Ал 6 айдан бери 45 миң сомдон маяна алып чабан болуп иштеп жүргөн.


Эрмек Касымовдун апасы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×