Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.11.2018 08:34

Кыргыз милициясына 94 жыл: Ак-Суу РИИБдин башчысы ардактуу атуул болду (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында кыргыз милициясынын 94 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык салтанатка райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Улан Дөкөнбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ардагерлер, айыл өкмөт башчылары катышты.

Иш-чарада кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Андан соң ардактуу эс алуудагы ИИМдин ардагерлерин жана милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташып, айрым кызматкерлерге райондук администрациянын ардак грамоталары жана ыразычылык барактары тапшырылды.

Ошондой эле РИИБдин жетекчиси Асылбек Саадановго «Ак-Суу районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Ал өз кезегинде кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алдыңкы кызматкерлерге ИИМдин, ОИИБдин, РИИБдин сыйлыктарын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×