Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.10.2018 11:51 На русском

Ак-Сууда 10 млн сомго курулган бала бакча бөбөктөрдү кабыл алууга даяр

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Чий айылындагы жаңы курулган бала бакчага эмеректер алынып келинди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Максат Дорбаев билдирди.

Анын айтымында, эмеректер долбоор аркылуу алынды.

«Бала бакчага 100 керебет төшөнчүлөрү менен, ашкана эмеректери толук келди. Бакча буюрса наристелерди кабыл алууга даяр болуп калды. Бала бакчанын курулушу көп кыйынчылыктар менен ишке ашты. 6 долбоор аркылуу курулуп, жалпысынан 10 млн сомго жакын каражат жумшалды. Жакында Совет жана Ак-Чий айылдарындагы балдар келип тарбияланат. Аталган айылдарда буга чейин бала бакча болгон эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×