Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 29.10.2018 12:58

Ак-Сууда мал жана сүт ташыган унаалар текшерилип, 11 айдоочу эскертүү алды (фото)

Turmush -  Ак-Суу райондук ветеринардык жана фитосанитарык коопсуздук кызматы тарабынан мал жана сүт ташыган автоунаалар текшерилип, 11 айдоочуга эскертүү берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган кызматтын өкүлдөрү райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен бирге түнкүсүн рейдге чыгып, мал базарга жүктөлүп бара жаткан малды жана күндүз мал базардан алынып келе жаткан мал ташыган автоунааларды текшерди. Ак-Суу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Марат Асанкановдун айтымында, рейдде 20дан ашык унаа текшерилсе, анын он бирине көрсөтмө жазылды.

«Биз ар бир жумада ушундай рейддерди уюштуруп жатабыз. Мыйзам боюнча биз малга карата тиешелүү документи жок келе жаткан же туура эмес документ менен бараткан айдоочуга биринчи жолу көрсөтмө жазып, эскертүү беребиз. Эгерде тартип бузуу экинчи жолу кайталанса, анда административдик кодекстин негизинде 2000 сомдук айып пул салабыз. Мындан сырткары, көлөмдүү сүт ташыган унаалар дагы текшерилүүдө. Анда айдоочунун унаасына берилген уруксат кагаз, өзүнө берилчү санитардык китепчеси жана чиркегичтин санитардык талаптарга жооп берүү абалы текшерилет», - деди М.Асанканов.

Анын айтымында, ушул жылдын 9 айында айып пулдун эсебинен 12 миң сом өндүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×