Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.10.2018 12:23

Жыргалаң айылынын эли облус башчыдан шахталарды ишке киргизүүгө жардам сурашты (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун алыскы Жыргалаң айылына өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев келип, элеттиктер менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жолугушууга аким Улан Дөкөнбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышты. Анда тургундар айылдагы таза суу маселесин, көп жылдан бери айыл менен Садыр Жапаровдун ортосунда талашка түшкөн бала бакча маселесин жана айыл менен токой чарбасы ортосунда бекитилбеген чек ара маселесин айтышты.

Алар айылга таза суу 1960-жылдары киргенин, азыр анын абалы начар экенин айтышты. Ошондой эле элеттиктер айылда иштебей турган эки шахта иштесе, эл жумуш орундар менен камсыз болор эле деген ойлорду ортого салып, өкмөттөн Дөргө көмүр шахтасын иштетүүгө насыя алуу жагынан жардам берүүнү суранышты.

Ошондой эле тургундар С.Жапаровдорго тиешелүү деген экинчи шахта банкротко учураганын, ал боюнча эч кандай маалымат берилбегенин айтышты.

А.Осмоналиев элет элинин жашоосу менен жакындан таанышуу максатында атайын келгенин айтып, бир катар маселелерди чечүүгө аракет кыларын билдирди. Мындан тышкары облус жетекчиси айылдагы жакынкы жылдары салынган жаңы объектилер менен таанышып, оңдоо иштери жасалган клуб, мектеп, спорт залда болушту.

Маалым болгондой, акыркы 3 жылдан бери айылган 45 миллион сомго жакын инвестиция кирген менен, андагы негизги көйгөй шахталардын иштебей турганы болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×