Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 23.10.2018 14:56 На русском

Ак-Сууда мыкты кайнаталар аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Маман айылында «Мыкты кайната» аталышындагы сынак өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар аймактык кабарчыга билдирди.

Алардын айтымында, сынакка айылдагы кадыр-барктуу, үлгүлүү аталар активдүү катышты. Алардын арасында небере келиндери менен кошо катышкан карыялар да бар.

«Катышуучулар алгач саламдашып, андан кийин кыргыздын нукура, тарбиялык мааниси зор макал-лакаптарын айтып жарышышты. Ошондой эле сүрөттөргө кызыктуу ат коюп, ала качуу жана мажбурлап эрте турмуш курууга каршы сахналаштырылган чыгарма аткарып беришти. Суроолорго жооп берип, жаштарга акыл-наасаттарын айтышты. Сынактын жыйынтыгында өз өнөрлөрүн тартуулашты», - деди уюштуруучу.

Иш-чара муундар аралык биримдикти чыңдоо максатында уюштурулду.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

Мыкты кайната —70 жаштагы Кыдык Сатылганов, 3 бала, 7 небереси бар;

Акылман кайната — 67 жаштагы Кыдыргазы Абдрахманов, 6 бала, 7 небереси бар;

Үлгүлүү кайната — 63 жаштагы Жумабек Өмүралиев, 5 бала, 6 небереси бар;

Шайыр кайната — 62 жаштагы Мелис Осмоналиев, 5 бала, 12 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×