Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 22.10.2018 13:46

Ак-Сууда жол көзөмөлдөөчүлөр унаалардын техникалык абалын текшеришти (фото)

Turmush -  Ак-Суу райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кыматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кызматкерлердин айтуусунда, иш-чара жол кырсыктарын алдын алуу максатында жүргүзүлүп, анда унаалардын техникалык абалы текшерилди.

Ошондой эле алар жол кыймылынын коопсуздугу үчүн айдоочуларды өтө этият болууга, эрежелерди сактоого чакырып, унаалардын техникалык абалын текшерүүгө, аба ырайы бузулган учурда жолдо этият болууга үндөштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×