Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.10.2018 12:35

Теплоключенка айылына 3 млн сомго таштанды чыгаруучу унаа алынды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылына «Донг Фенг» үлгүсүндөгү таштанды чыгаруучу унаа алынып, «Ак-Суу» тазалык-техсервис муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилди.

Маалым болгондой, техниканы алууга айыл өкмөт тарабынан 400 миң сом, «Экофонд» тарабынан 2 млн 600 миң сом бөлүнүп, техниканын жалпы наркы 3 млн сомду түздү.

«Ушул жылы айылыбызга бир катар техникалар алынды. Грейдер, эки комбайн да алганбыз. Грейдер менен көп жумуштар жасалды. Айылдын ичиндеги жолдор жана айдоо жердеги жолдордун баары сүрүлдү. Тургундар ыраазы болууда. Эми бул техника менен дагы көп жумуш жасалат», - деди айыл өкмөт башчы Т.Көбөнбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×