Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 19.10.2018 10:47

Ак-Сууда режиссёр, обончу А.Жантемировдун 110 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Тепке айылында артист, режиссёр жана обончу Асанбек Жантемировдун 110 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага аким У.Дөкөнбаев, КРнын эмгек сиңирген артисти Анарбек Ибраев, Асанбек Жантемировдун туугандары, айыл тургундары катышты. Иш-чаранын алкагында артист, режиссёр тууралуу жана анын эмгектери тууралуу кеңири маалыматтар берилип, ыр-бий тартууланды.

Асанбек Жанткмиров Тепке айылында 1908-жылы төрөлгөн. Орто билим алган соң, Москвадагы Луначарский атындагы театр институтун аяктаган. Кийин Тоң районундагы «Төрткүл» колхозунун маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштеген. Бул жылдардын ичинде К. Жантөшөвдин «Ким кантти», Р. Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасов» аттуу комедияларын жана башка ондогон спектаклдерди койгон.

А.Жантемиров обончу катары таанылган. Анын «Гүлдөп ал», «Үлгү ырлары», «Күлүп кой», «Күлүмкан», «Талаанын гүлү селкиге», «Батмажан», «Эмне кызык», «Күттүм сени», «Күкүк», «Сыргажан», «Көл жээгинде» жана башка обондору мукамдуулугу, жаркындыгы, жаңылыгы, көркөм каражаттарынын оригиналдуулугу менен айырмаланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×