Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 16.10.2018 14:44

Ак-Сууда «Ынтымак» кубогу үчүн кичи футбол боюнча муун аралык турнир өттү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында «Ынтымак» кубогу үчүн кичи футбол боюнча муун аралык турнир болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жалпы 18 муун, 18 команданын катышуусунда болгон мелдешти бул жолу 1988-жылы туулган жигиттер өткөрүшүп, кийинки эстафетаны Теплоключенка айылынын 1980-жылы туулган азаматтарына өткөрүп беришти.

Мелдеште 1-орунду 1991-жылы туулган жигиттерден куралган команда алса, 2-орунду 1993-жылкылар, 3-орунду 1985-жылкы азаматтар багындырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×