Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 17.10.2018 01:01 На русском

Айыл турмушу: Казакстанда төрөлүп, Ысык-Көлгө көчүп келген Н.Спиваков цивилизациядан алыс жашоону тандады (сүрөт)

Turmush -  54 жаштагы Николай Спиваков бир жылдан бери Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын четиндеги кароосуз калган үйдө жашайт. Ал жаратылыш менен гармонияда жашоо үчүн атайын бул аймакка көчүп келгенин кабарчыга айтып берди.

Николай Спиваков атасы менен бирге курган үйдү уулуна, келинине жана неберелерине берген. Ал мындай өзгөчө жашоо образын тандап алганына өкүнбөйт.

«Өзүм Казакстандын Караганда шаарында төрөлгөм. Мен 6 жашка чыкканда ата-энем Кыргызстанга, тактап айтканда Ак-Суу районуна көчүп келишти. Атам бул жерге үй куруп, бизди үйлөнтүп, бизге үй курууга жардам берди. Тилекке каршы ата-энемдин көзү өтүп кетти, учурда атамдын үйүндө агам жашайт», - деди ал.

Николайдын жубайы мындан 10 жыл мурун оорудан улам көз жумган. Жубайлардын жалгыз уулу бар, учурда ал атасынын үйүндө жашап жатат.

«Кыргыз электр тармактарында», андан кийин колхоздо 3 жыл айдоочу болуп иштедим. Ошондой эле Теплоключенка айылындагы социалдык мекемелерди жылуулук менен камсыздап жүрдүм. Ал жерден 3 жыл мурун кетип, неберелеримди багууга жардам бердим. Кайсы бир учурда цивилизациядан алыс жашагым келди. Айылдын четинен үй таптым, анын жанында көлмө, талаа бар. Кошуналар, ары-бери жүргөн унаалар жок. Бир жыл мурун көчүп келдим, азыр көнүп калдым. Бул жерде тынчтыкта, жаратылыштын койнунда жашап жатам жана мага эч ким тоскоол болбойт», - деди ал.

Николай жашап жаткан үйдө шарттар каралган эмес. Буга карабай ал бактылуу экенин айтат. Пенсия, айлык маяна албаган Николайга айылдын милиция кызматкери жана анын Ак-Суу РИИБдеги кесиптештери азык-түлүк, жылуу кийим алып келип, жардам беришет.

«Бул жердин абасы таза, күлүп гана жашагың келет. Жайында жергиликтүү чабандарга мал кайтарууга, күзүндө дыйкандарга түшүм жыйноого жардам берем. Бактылуулук байлык, кымбат кийим же унаа менен гана чектелбейт. Бакыт — жан дүйнөнүн тынчтыгы», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×