Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.10.2018 17:00 На русском

«Жеңеке»: Кошунасынын тайга сүйрөлгөнүнө себеп болгон Сауле жеңенин күлкүлүү окуясы (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ак-Суу районунун Боз-Учук айылына келин болгон 28 жаштагы Сауле Касманбетова. Ал жаңы келин болуп келгенде кошунасына жүгүнөм деп кызыктуу окуяга туш болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

Сауле жеңе Жумгал районуна караштуу Миң-Куш шаарчасында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин окуп бүтүргөн. Ал 1989-жылы туулган Алмаз Элебесовго 2011-жылы турмушка чыккан. Жолдошу учурда инженер болуп эмгектенсе, өзү декреттик өргүүдө.

«Турмушка 21 жашымда чыктым. Жолдошум экөөбүз 1-курста, тактап айтканда 2007-жылы кычыраган кыш мезгилинде, кышкы сессия тапшырып жаткан учурда курбум аркылуу таанышканбыз. Алмаз ал учурда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенти болчу. Студенттик күндөр бизди жакындатты. Үч жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, төртүнчү жылы баш коштук. Алгач маани бербегеним менен анын жакшы сапаттары мени бат эле өзүнө багындырып алды. Экөөбүз эки башка дубандан болсок да биздеги сүйүү сезим кичинекей мамлекетибизди түптөөгө себеп болду. Кыз-жигит кезибизде кандай сезим болсо, азыркыга чейин ошол сезимди өчүрбөй сактап келебиз. Алмаз сүйүктүү жар, мээримдүү, камкор ата. Учурда экөөбүз 1 уул, 1 кызды тарбиялап, үчүнчү наристебизди күтүп жатабыз. Балдарым да атасына жакын жана аябай окшош», - деди ал.

Сауле келиндик доордогу кызыктуу окуяларын да айтып берди.

«Турмуш кургандан кийин күлкүлүү окуяларга көп эле туш болдум. Көлдүн салты башкача экен. Күндө эртең менен ата-энеге жана улуу адамдарга жүгүнүү керек. Бир күнү кышкы эс алууда айылга кайын журтка барып калдык. Эртең менен суу алганы көчөгө чыксам, алдымдан тайын жетелеп орто жаштагы кошуна байке келе жатыптыр. Башыма курткамдын жакасына бекитилген баш кийимди кийип алган элем. Жаман оюм жок ал кишиге жүгүнө койсом, жетелеп келе жаткан тайы баш кийимимден үркүп, ал кишини сүйрөп качты. Абдан ыңгайсыз абалда калып, башымды жерге салган бойдон жүзүмдү таанытпаганга аракет кылдым.

Бош убакта үй тиричилиги менен алекмин, балдарды окууга даярдап, үй жыйнап, тамак жасайм.

Жашоодогу эң негизги максатым — эмгегимди, кырчындай жаштыгымды элиме арнап, келечек муундарга татыктуу тарбия берүү, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошуу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×