Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.10.2018 10:37

Ак-Сууда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна А.Молдакуновдун ысымы ыйгарылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн Ново-Вознесеновка айылындагы «Ак тилек» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна дарыгер Акматбек Молдакуновдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттүн, райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлдөрү, дарыгер Акматбек Молдакуновдун жакын туугандары, кесиптештери катышты.

Анда бул инсан көп жылдар бою дарыгер, клиникалык оорукананын жетекчиси, «Ак тилек» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси болуп эмгектенгендиги тууралуу кесиптештери, туугандары, достору эскеришти, анын өмүр баяны тууралуу слайд да көрсөтүлдү.

Молдакунов Акматбек Касымович 1948-жылы Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында туулган. Ата-энеси жолдомо менен Ново-Вознесеновка айылында мугалим болуп иштешкен. Ал аталган айылдагы орто мектепте билим алган. Андан кийин ошол кездеги Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктап, врач-терапевт адистигине ээ болгон.

Окууну аяктагандан кийин туулган жерине кайтып, Ак-Суу районунун бар катар айылдарында башкы дарыгер кызматтарында иштеп, элет элинин саламаттыгын сактоого зор салым кошкон. Ал РФнын Кемерово шаарында 6 айлык рентгенолог дарыгери окуусуна жиберилип, кийин ак-суулуктарга ушул багытта да кызмат кылган. Элеттик дарыгер облустук жана Россия Федерациясынын Ардак грамоталарына татыган. Ал 2015-жылы көз жумган. Артында 1 уулу, 4 кызы, 12 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×