Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.10.2018 15:29 На русском

«Жубайлар»: Ак-суулук Жума ата менен Батма апа 70 жыл бирге өмүр сүрүштү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын тургундары Жума Байдылдаев менен Батма Байдылдаева 70 жыл бирге жашап, бактылуу карылыкты өткөрүп жатышат. Жубайлар менен аймактык кабарчы таанышты.

Учурда Жума Байдылдаев 90 жашта болсо, байбичеси 88 жашта. Батма апа 18 жашында турмушка чыккандыгын жана ага «таш түшкөн жеринде оор» деген сөз катуу таасир эткендигин айтат. Жубайлар өмүр бою колхоздо иштеп, мал багышып, күжүрмөн эмгек ардагерлери болушкан.

«Кыргыздар эт жеп, кымыз, сүт ичип, ооруганды билген эмес. Илгери ысык жана суук деген эки гана оору болгон», - дейт Жума Байдылдаев.

Ат жалынан түшпөгөн Жума ата өмүрүн мал чарбасын өнүктүрүүгө арнап, ийгиликтерге жетишкен. Ал эми Батма апа мыкты саанчы болгон. Жубайлар 9 баланы өстүрүштү. Учурда алардын 52 небереси, 42 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×