Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.10.2018 20:06

4 жашынан тарта «Манастан» үзүндү айткан Дастандын өнөрү (видео)

Turmush -  Ак-Суу районундагы Чолпон айылынын 10 жаштагы тургуну Дастан Дүйшөнбеков 4 жашынан эле өзү аракет жасап, «Манас» эпосунан үзүндү айта баштаган. Учурда ал сахнага чыгууга өтө кызыгат.

Кичинесинен эле бул өнөрдү өздөштүргөнүнө ата-энеси да таң калат.

Дастандын апасы Айнура Абдыкадырова алгач уулунун аракетине көңүл бөлбөгөнүн мойнуна алат. Өзүнүн аракети менен эпостогу уккан саптарды жаттап алган Дастандын талантына көңүл бөлүүгө бара-бара аргасыз болгон.

Акыркы жылдары жаш талантты ата-энеси ар түрдүү сынактарга катыштырып жатат. Ал «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» деген аталыштагы республикалық сынакка «Манас» айтуу боюнча катышып, Ак-Суу районунда 1-орунду ээледи.

Анын 5 агасы бар. Жалаң эркектердин арасында өскөн Дастан ырдаганда жеңил-желпи эмес, мааниси терең ырларды тандаганы эмитеден эле байкалат. Ошондой көпчүлүк анын үнүнө жакшы баа беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×