Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 04.10.2018 15:02 Жаңыланды: 04.10.2018 19:00 На русском

Фото — Жыргалаңдагы шахтада калып, 2 күндөн кийин тирүү табылган Кайраттын үйлөнүү тою өттү

Turmush -  Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы шахтада калып, 2 күндөн кийин аман-эсен куткарылган шахтер Кайрат Дөргөев сүйүктүүсү Мээрим Кубатбековага үйлөнүп, үлпөт той өткөрүштү.

Кайраттын атасы Бакыт Дөргөев, апасы Динара Исаева кырсык болгон күндү эстеп, көздөрүнө жаш алды.

«Кырсык болгон күнү биз уулубузду тирүү көрсөк экен деп тиленип отурдук. Ошол күнү ал үйлөнөм дегенде «коё тур» деп койгонубузду эстеп, капа болгон элек. Эми уулубузду үйлөнтүп, анын жакшылыгында кубанычыбыз койнубузга батпай турат», - дешти алар.

Ал эми Кайрат Дөргөев биринчи сүйүүсүнө баш кошуп жатканын, аны менен 10 жыл сүйлөшүп жүргөнүн айтты.

«Мээрим менин биринчи жана акыркы сүйүүм. Ал экөөбүз 10-класстан бери кыз-жигит болуп жүрөбүз. Ойлосом, он жылдай болуптур. Мээрим 4 бир туугандын кенжеси. Эки жогорку билим алды. Биринчи кесиби боюнча биотехнолог. Кийин Россиядан сүт азыктарын иштетүүнүн технологиясы боюнча билим алып келди. Мен максатыма жетип, сүйүктүүмө баш коштум. Алдыда дагы көп максаттарым бар. Чоң атамдын, атамдын жолун жолдоп, шахтанын ишин улантам. Айылда шахтаны иштетүү аракетин көрөм», - дейт К.Дөргөев.

Кайрат Жыргалаң айылында 1992-жылы төрөлгөн. 6-класска чейин аталган айылдагы мектепте окуп, андан кийин Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейинде билим алган.

Окууну бүткөн соң Малайзиядагы жогорку окуу жайда 2 жыл инженер кесиби боюнча билим алып, шартка байланыштуу айылындагы шахтага, ата-эне, бир туугандарынын жанына келген. Ал окуусун улантып, быйыл И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тоо-кен өнөр жайы факультетин аяктоо алдында турат. Ал үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Кайраттын колуктусу Мээрим Кубатбекова кырсык болгон күндү мындайча эскерет:

«Мен ал күнү сабакта болчумун. Мага улам бир тууганым телефон чала баштады. Мен эмнегедир бир нерсе болгонун шекшидим. Үйгө келгенде, жеңеме да телефон чалышып бир кабар айтышты. Анын өңү өзгөрүп кетти. Менин оюма биринчи эле ата-энем түштү.

Кабатырланып сураганымда, алардан камсанабашым керектигин түшүндүрүп, баары жайында экенин айтты. Ошондо мен Кайратты ойлодум. Көрсө, бул күнү айылдагылар Кайрат дүйнөдөн кайтты деп үмүтүн үзүп калыптыр. Интернетте кырсык жөнүндө кабарлар тараптыр. Кайрат шахтада калган эки күн көз жашым тыйылган жок. Кудайдан анын тирүү болушун тилендим. Акыры кудай тилегимди берди. Мен аны менен өмүр бою кол кармашып жашагым келет. Мен анын акылдуу экенин билем жана анын келечеги кең экенине ишенем», - дейт Мээрим.

Жыргалаң айылы шахтерлордун айылы катары таанымал. Бирок совет бийлиги учурунда техникалык базасы эскиргендиктен, шахта ишин токтоткон. Ошондо Кайрат Дөргөевдин чоң атасы Дөргө 1997-жылы өз күчү менен жол салып, электр линияларын тартып, жаңы ишкана ачкан. Ошентип, 2010-жылдан бери «Жыргалаң-Дөргөкөмүр» ЖЧКсы деген ат менен көмүр чыгаруу, сатуу боюнча жаңы жерди өздөштүрүп, иштеп келе жатышат.

Чоң атасы Дөргө өткөөлчү эле, 63 жашында каза болгон. Анын ишин бир кезде атасы Бакыт улаган болсо, азыр Кайрат бир тууганы менен улантуу аракетин көрүшүүдө. Алардын алдында чоң пландар бар. Ал ишке ашса, айылда жүздөгөн жумуш орундар түзүлөт.

Буга чейин маалымдалгандай, 2017-жылы 22-апрелде саат 17:35 чамасында «Жыргалаң - Дөргө көмүр» ЖЧК иштеткен көмүр шахтада кырсык болуп, шахтанын ичинде 2 адам калган. Кырсык болжол менен техникалык коопсуздукту сактабагандан улам келип чыккан. Издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында көмүр шахтада калган эки шахтер эки күндөн кийин тирүү табылган.

Издөө куткаруу иштерине катышкан жергиликтүү тургун Мирлан Калканбаев Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, алар насостордун жардамы менен сууну сордурушкан.

«Издөө иштери учурунда биз кол чырактарды көрдүк. Алгач биздикилер го деп ойлодук. Жакындап калганда эки шахтерду көрдүк. Биз кыйкырсак, алар жооп беришти. Алар бир участоктон өтө албай жатышыптыр. Биз тактайчаларды орнотуп, аларды алып чыктык», - деп билдирди жергиликтүү тургун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×