Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.09.2018 13:44

Ак-Сууда унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларга айып салынды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо максатында РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен бирге рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Салык кызматынын Ак-Суу району боюнча бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Эркин Молдосанов маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кенже тескөөчүлөрү, милициянын сержанттары Жолон Талышев жана Жаныбек Рыскулов менен бирдикте өткөргөн бир күндүк рейд учурунда автоунаа салыгын төлөбөгөн бир нече айдоочулар аныкталды. Мындан улам тийиштүү протоколдор түзүлүп, ар бирине 2000 сомдон административдик айыптар (жалпы сумма 14 000 сом) салынды.

«Буга чейин тургундарга ММКлар аркылуу ушул жылдын 1-сентябрына чейин автоунаа салыгын, 2-сентябрына чейин турак жай, батирлер жана жер салыгын төлөө зарылдыгы, ал эми салыкты өз учурунда төлөбөгөндөргө 2000 сомдон административдик айыптар салына тургандыгы эскертилген. Мөөнөт аяктап, салык төлөбөгөндөргө мыйзам талаптарына ылайык административдик айыптарды салууга өттүк», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×