Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.09.2018 11:13 Жаңыланды: 20.09.2018 18:57 На русском

22 жылдан бери Канадада жашаган А.Албанов Ысык-Көлгө келип, эмнеге арданды? (видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда өткөн Арык Мырзанын 450 жылдык мааракесине 22 жылдан бери Канадада жашаган анын урпагы Аскар Албанов да келген. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

А.Албановдун айтымында, ал 1996-жылдан бери үй-бүлөсү менен Канадада жашайт. Учурда 3 уулу, 1 кызы бар. Ал жүгү менен түз эле маараке өтүп жаткан Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылына келген. Ал Ысык-Көлдүн жолдорунун абалын көрүп, арданганын айтат.

«Мен акыркы жолу Кыргызстанга 2014-жылы келгем. Ошондо өлкөбүздөгү жолдордун абалын көрүп, абдан капа болгом. Мен маараке өтүп жаткан Ысык-Көлгө келе жатып дагы жолдордун аң-дөңүн көрүп ардандым. Мурда кандай болсо, андан бери эч нерсе өзгөргөн эмес экен.

Бизде дүйнөдөгү эң чоң 8 кендин бири – Кумтөр бар. Ушундай байлыкка ээ болуп туруп, эмне үчүн жолдорду оңдоп коё албайбыз, кантип ушундай көйгөйдөн арылбайбыз?», - дейт А.Албанов.

Буга чейин Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылында 15-сентябрда Арык Мырза Орозбакты уулунун 450 жылдык мааракеси өткөндүгү жана ага Президенттин аппаратынын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, 7 дубандан келген өкүлдөр, коомдук ишмерлер, аксакалдар жана ысык-көлдүктөр катышканы маалымдалган.

Арык Мырза 1600-жылдары Фергана, Анжиян жергесинен кыргыздарды Ысык-Көлдүн аймагына көчүрүп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×